А. Атамбаев: “«18 жаш» менен «Чагылган» болсо, кыз-келиндердин оозунан түшчү эмес”

13 июля 2017 10:07 709 Barometr
Поделиться в:
ok
«Ала-Арча» мамлекеттик  резиденциясында, кечээ, 12-июлда, президенти Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда Кыргызстандын социалдык-экономикалык, руханий жана интеллектуалдык потенциалын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземи өткөрүлдү. Бул тууралуу КР Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.
 
Мамлекет башчысы чакырылгандарды  мамлекеттик сыйлыктары менен куттуктап,  бүгүн сиздерге  сыйлык тапшыруу сыймык экендигин белгиледи. Президент Алмазбек Атамбаев  сыйлыкка татыгандарга  жемиштүү,  жаратман эмгеги үчүн, өз ишине, кесибине жана өлкөгө берилгендиги үчүн чын дилинен ыраазычылык билдирди.
 
Президенттин сөзү боюнча  бүгүн чакырылгандардын арасында мугалимдер көп. «Мугалимдер үчүн ипотека иштеп баштады. Ушул жылдын аягына чейин, Кудай буйруса, өлкөдө бир да авариялык мектеп калбайт. Же жаңы имарат салынат, же капиталдык ремонт жасалат», - деп Алмазбек Атамбаев Ысык-Көлдүн жээгинен мугалимдер үчүн пансионат берилгендигин, анын участогуна мугалимдер эс ала турган татынакай корпустар курулаарын кошумчалады.
 
Президент кеч болсо да өз сыйлыгын алып жаткан Кыргыз эл артисттери Зейнеп Шакеева менен Алтынбек Сапаралиев жөнүндө айтып өттү. «Эсимде бар, Алтынбек Сапаралиевди туурап «Пиалада кантың бар» менен «Стамбулдун кыздарын» айылдагы жигиттердин баары, орустар да кошо кыңкылдап жүрчү. Зейнеп эженин аткаруусундагы «18 жаш» менен «Чагылган» болсо, кыз-келиндердин оозунан түшчү эмес. Азыр да Зейнеп эженин ошондогу аткаруусу жүрөктү эзип кетет», -деп кошумчалады ал.
 
Мамлекеттик сыйлыктар менен кошо Президент Алмазбек Атамбаев сыйлык алган 133 адамдын ар бирине  10 миң сомдон  акчалай белек тапшырды. Бул каражаттар Мамлекет башчысынын чечими менен Президенттин социалдык коргоо жана колдоо фондунан бөлүнгөн.
 

Ссылка: https://barometr.kg/content3914



Добавить комментарий