Түркмөнстан мамлекеттик телеканалдарын каржылоону токтотот

12 июля 2017 16:19 430 Barometr
Поделиться в:
ok

Түркмөнстандын Теле, радио берүү жана кинематография боюнча мамлекеттик комитетинин теле жана радио программаларын өлкө бюджетинен каржылоо токтотулат. бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы маалымдады.

7-июлда өлкө президенти кол койгон жарлыкка ылайык, аталган комитетти чарбалык эсепке өткөрүү чечими тармакты мындан ары өнүктүрүү максатында кабыл алынган. Мамлекет тарабынан теле жана радиоберүүлөрдү каржылоону токтотуу 2018-жылдан башталып, 4 жылдын ичинде толугу менен аяктайт.

Мамлекеттик комитетке өлкөнүн министрлер кабинети менен макулдашып, телерадиоканалдарда белгилүү бир жарнамалык кызматтарды аткаруу менен өз чыгымдарын чарбалык эсептен түшкөн киреше менен жабууга уруксат берилгени кабарланууда.

Учурда Түркмөнстанда иштеп жаткан 7 телеканалдын ("Алтын Асыр", "Яшлык", "Мирас", "Туркменистан", "Ашхабад", "Туркмен овазы", "Туркменистан спорт") жана 4 радиоканалдын ("Чар тарапдан", "Мирас", «Оваз», "Ватан") бардыгы тең мамлекет тарабынан көзөмөлдөнүп, толугу менен мамлекет тарабынан каржыланат.Буга чейин өлкөнүн мамлекеттик телеканалдарынын берүүлөрү бир канча жолу президенттин сынына кабылып келген.

Гурбангулы Бердымухамедов аларды сындап жатып ата мекендик телеберүүнүн өнүгүү темптерине ыраазы эмес экенин айткан.

Ссылка: https://barometr.kg/content3895



Добавить комментарий