Сооронбай Жээнбеков: Спортчу Дарья Маслованын уникалдуу жеңиши менен куттуктады

12 июля 2017 15:00 420 Barometr
Поделиться в:
ok
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-июлда, жеңил атлетика боюнча Азия чемпионатынын жеңүүчүлөрү Дарья  Маслова жана  Адилет Кыштабеков, ошондой эле алардын машыктыруучулары менен жолугушту.
Эске салсак эл аралык турнир Индия Республикасынын  Бхубанешвар шаарында болуп өттү.
Дарья Маслова 5 жана 10 миң метр аралыкка чуркоодо жеңип чыгып, Кыргызстанга эки алтын медалды алып келди. Дагы бир коло медалды 10 000 метр аралыкка чуркоодо байгелүү орунга  Кыргыз Республикасынын курамасынан Адилет Кыштабеков ээ болду.
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жеңил атлетиктерди татыктуу жеңиши менен куттуктап, спортчуларды Кыргыз Республикасынын  Премьер-министринин атынан ысымы жазылган саат менен сыйлады.
Өкмөт башчы Дарья Масловага жана Адилет Кыштабековго алдыда жаңы жеңиштерге жана жетишкендиктерди багынтарына  ишенимин билдирди.
 

Ссылка: https://barometr.kg/content3885



Добавить комментарий