Amnesty International: Мосул үчүн күрөштө гуманитардык укуктар бузулган

12 июля 2017 12:35 365 Barometr
Поделиться в:
ok

Amnesty International укук коргоо уюму Мосул шаары үчүн күрөштө Ирак армиясы менен АКШ башында турган эл аралык коалиция эл аралык гуманитардык укуктарды бузган болушу мүмкүндүгүн билдирди. Уюмдун кызматкерлери айрым жол берилген укук бузууларды «аскердик кылмыштарга» теңөөгө болорун билдиришүүдө. Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы кабарлады.

Amnesty International 11-июлда жарыялаган баяндамада «Ислам мамлекети» тобунун командирлери тарабынан дагы гуманитардык укуктар одоно бузулганы белгиленген. Андагы маалыматка ылайык, жихадчылар жай тургундарды тирүү калканч катары пайдаланышкан.

10-июлда Ирактын премьер-министри Хайдер аль-Абади Мосул шаары «Ислам мамлекетинин» жоочулары басып алынгандан үч жылдан кийин толугу менен жихадчылардан бошотулганын жарыялаган.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content3870



Добавить комментарий