Караколдо лыжа жарышы башталды
Поделиться в:
Бүгүн эртең, тагыраагы 26-27-декабрда Каракол шаарынын тоо лыжа базасында атайын лыжа боюнча мелдеш, биринчилик өткөрүлөт. Мындай мелдешке атайын тандалып алынган спортчулар үч топко бөлүнүп катышышат. 1998 туулган балдар жана 1999 – 2000туулгандар жана ошондой эле 2001 – 2002 туулган өспүрүмдөр мөрөй талашат. Биринчилик жигиттер жана кыздар арасында өтүп, слало жана слоло гигант тибинде өтөт. Мелдештин негизги максаты сергек жашоого жаштарды үндөө жана кышкы спорттун даражасын көтөрүү. Бул Кыргыз Республикасынын мелдешти олимпиадага даярдоо дирекциясы жана лыжа федерациясы өткөрүп жатат.
Ссылка: https://barometr.kg/content387
Добавить комментарий ×