Тажикстандын президенти сакал өстүрбөөгө жана хиджаб кийбөөгө чакырды

12 июля 2017 09:30 900 Barometr
Поделиться в:
ok

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 11-июлда кайрылуу жасап, өлкө жарандарын сакал өстүрбөөгө жана хиджаб кийбөөгө чакырды.

Рахмон Тажикстанда "Каада-салт, үрп-адаттарды жана салтанаттарды тартипке салуу" мыйзамынын кабыл алынганынын 10 жылдыгына арналган иш-чарада сөз сүйлөдү. Аялдардын кара жана күӊүрт түстөгү кийимдери тажиктин каада-салтына үндөшпөй турганын, динге берилгендикти хиджаб кийүү же сакал өстүрүү менен көрсөтүү туура эместигин айтат. "Тийиштүү органдар бул көрүнүштүн алдын алууну катуу көзөмөлдөшү керек. Глобализациянын шартында, кайсы бир мамлекеттик жок кылгысы келишсе, биринчи кезекте ал элдин тили менен маданиятын жок кылышат", - деди Рахмон.

Президент башка элдин маданиятын сиӊирүүнү, фанатизмди токтотуп, тажик элинин улуттук кийимдерин көбүрөөк пропагандалоону сунуштады. Кошумчалай кетсек, ушундай эле пикирди 2014-жылы Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев да айткан.

Өлкө жетекчиси Кудайга ишенүүнү кийим менен эмес, жүрүм-турум менен көрсөтүү керектигин айтып: "Хиджаб менен дамбалды таңуулай берчү болушса, анда бир мезгил келет, кыргыздын улуттук кийимин же өзүнө ыңгайлуу кийим кийип жүргөндөрдү Кудайга ишенбегендер деп айтып калышат. Ыйык Куранда мусулмандыкы, мусулман эместердин кийими деген түшүнүк жок", - деген.

Булак:super.kg

Ссылка: https://barometr.kg/content3850



Добавить комментарий