АКШда учак кулап 16 адам көз жумду

12 июля 2017 09:22 350 Barometr
Поделиться в:
ok
“АКШнын Миссисипи штатында аскердик учак кырсыкка учурады. Учактын бортунда 16 адам каза болгон”,- деп кабарлайт “РИА Новости” сайты.
 
С-130 учагы штаттын борбору Джексоннан түштүккө карай 160 чакырым жерден кулаган.
 
Күбөлөрдүн айтуусу боюнча учак кулаган кезде кыймылдаткычтардын биринен түтүн чыккан.
 
Аба кырсыгы дүйшөнбү күнү жергиликтүү убакыт менен 16:00до болгон. Азырынча учак эмнеден улам кулаганы белгисиз. 
 
Деңиз аскер бөлүгүнүн өкүлү Сара Бернстин айтуусу боюнча, учак кырсык учурунда техникалык проблема келип чыкканынан болушу мүмкүн экенинин билдирди.
 

Ссылка: https://barometr.kg/content3849



Добавить комментарий