Казакстанда катардагы адамдардын президенттикке талапкер болуусуна тыюу салынды

11 июля 2017 16:47 485 Barometr
Поделиться в:
ok

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев мыйзамдарды Конституцияга киргизилген өзгөртүүлөргө тууралоо боюнча документке кол койду. Бул тууралуу өлкөнүн расмий маалымат каражаттары кабарлашканын Борбор Азия жаңылыктар кызматы жазды.

Быйыл Конституцияга өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин иштелип чыккан документке ылайык, катардагы жарандардын президентикке талапкерлигин коюусуна тыюу салынат. Талапкер болууну каалаган жаран мамлекеттик кызматтарда 5 жылдан кем эмес тажрыйбага жана президенттик милдеттерди аткарууга тоскоолдук кылчу ооруларынын жоктугун ырастаган кагазга ээ болушу шарт.

Ошондой эле башка өзгөртүүлөр менен катар Кылмыш кодексине террорчулук жана оор кылмыштар үчүн жарандыктан ажыратуу боюнча кылмыш жазасынын кошумча түрү дагы киргизилди.

 

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content3835



Добавить комментарий