Ак үй Орусияга каршы жаңы санкцияларды киргизүүнү колдоду

11 июля 2017 16:12 360 Barometr
Поделиться в:
ok

АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы Орусия менен Иранга карата жаңы санкцияларды киргизүүнү колдоду. Бирок учурда Конгресс тарабынан каралып жаткан мыйзам долбоору президенттин ыйгарым укуктарын кыйла чектейт. Бул тууралуу журналисттерге Ак үйдүн мыйзам чыгаруу маселелери боюнча өкүлү Марк Шорт билдиргенин Борбор Азия жаңыылктар кызматы жазды.

Анын айтымында, мыйзам долбооруна ылайык, эгер АКШ президенти санкцияларды алып салуу же жеңилдетүүнү кааласа, анда ал чечим үчүн Конгресстин добуш берүүсү керек болот.

14-июнда АКШ Сенаты Орусиянын Кошмо Штаттардагы былтыркы президенттик шайлоого кийлигишкендиги жана Сирия менен Украинадагы аракеттерине жооп катары Москвага киргизилген санкцияларды кеңейтүү тууралуу мыйзам долбоорун жактырган.

Жаңы санкциялар Орусиянын чалгындоо жана коргонуу мекемелеринин кызматкерлерине каршы багытталган. Санкциялардын жаңы пакетине Орусияда адам укуктарын бузгандарды жазалоого мүмкүндүк берген жобо киргизилген.

АКШнын айрым мунай жана энергетикалык компаниялары Орусияга каршы санкцияларды катаалдатуу тууралуу мыйзам долбоорун сынга алышууда. Алардын пикиринде, бул чаралар америкалык компаниялардын дүйнөдөгү абалын начарлатып, атаандаштарга артыкчылыктарды түзүп берүүдө.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content3833



Добавить комментарий