Москвадагы өрттөн эки кыргызстандык кыз жабыркады

11 июля 2017 16:07 517 Barometr
Поделиться в:
ok

10-июлда Москвдагы «РИО» оюн-зоок соода борборунда ири өрт чыгып, анын кесепетинен 18 киши жабыр тартты. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсыктан Кыргызстандын эки жараны бар экенин элчилик тактады. Алардын абалы оор. Ал эми КРнын Тышкы иштер министрлиги жабыр тарткан эки жаранды туугандарын ТИМге байланышууга чакырды.

«Эки кызыбыздын Москвадагы жакын туугандары окуп калса, биздин Москвадагы Элчилик менен байланышып коюнуздар, Кыргызстандагы туугандары окуп калса, ТИМге кайрылып коюнуздар.

1.Абдуллаева Рахатай Камаловна, 1989-ж.туулган. Лейлек району.

2. Норбекова Таалайкан, 1989-ж.туулган. Лейлек району, Улак-Башы айылы»,-деп айтылат маалыматта.

Ссылка: https://barometr.kg/content3832



Добавить комментарий