Ысык-Көлдө «Тескей жээк» деп аталган этнофестиваль өткөрүлөт
Поделиться в:
Кыргызстанда этнотуризмди жайылтып, көчмөн элдеринин цивилизациясын таанытуу максатында Ысык-Көлдүн түштүк тарабындагы Тоң районунда «Тескей жээк» этнофестивалы өткөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн,11-июлда Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, фестиваль 15-июлда Тоңдогу Саякбай Каралаевдин үйүндө өтөт.
Иш-чаранын алкагында көчмөн элдеринин ат оюндары, тыйын эңмей, кыз-куумай, салбуурун жана көк-бөрү болот.
Мындан тышкары фестивалда ыр-бийлер жаңырып, кыргыз улуттук бийи болгон кара-жоргону бийлөө боюнча флеш-моб менен жыйынтыкталат.
Ссылка: https://barometr.kg/content3825
Добавить комментарий ×