Тамакты кечиктиргендиги үчүн аялын атып өлтүрдү
Поделиться в:
“Индияда күйөөсү тамакты кечиктирип бергендиги үчүн аялын атып өлтүрдү” деп кабарлайт “Baq.kz”.
Полиция маалымдагандай, ишенби күнү кечке маал Ашок Кумар үйүнө мас болуп келип, аялы менен уруша кеткен.
«Ал күн сайын ичип жүргөн жана дагы окуя болгон күнү да ичип келип аялы менен уруша кеткен. 55 жаштагы Суинаи күйөсүнүн мас болгонун жактырбай, аны менен сүйлөшпөй койгон. Бирок ал ошол заматта тамак алып келүүсүн талап кылган сыяктуу”,- дейт жергилүктүү полиция кызматкери Газиабад Рупеш Сингх.
Анын айтуусу боюнча, ал аялына тамакты кеч алып келип бергендиги үчүн жинденип башына атып салган. Суинаи окуядан кийин ооруканага жеткирилген, бирок аны куткарып калуу мүмкүн болгон эмес..
Ашок Кумар болгон окуяны моюнуна алып, иштеген ишине өкүнөөрүн айткан.
Ссылка: https://barometr.kg/content3819
Добавить комментарий ×