Жаш эне арыктатуучу дарыдан көз жумду

11 июля 2017 12:24 1663 Barometr
Поделиться в:
ok
“24 жаштагы испандык Лусеро Кампос,  1,2 жаштагы баланын энеси арыктоо үчүн атайы дарыларды кабылдаган. Жыйынтыгы өтө кайгылуу аяктады”,- деп кабарлайт “El Universal”.
 
Белгилүү болгондой, Кампос “Avitia Corbax” деп аталган дары-дарымек ичкен.
 
1-июль күнү кыз ооруканага дем алуу проблемасы менен келип жаткан. Андан кийин ал комага түшүпкалып көп өтпөй каза болгон.
 
Дарыгерлердин койгон диагнозу боюнча испандык айымдын организминдеги көйгөйлөр арыктатуучу дарылардан улам келип чыккан. Ал эми ал дарыларды бир ай бою ичкендиги маалым болгон.
 
“El Universal”дын маалыматы боюнча “Avitia Corbax” дарыларынын курамында тыюу салынган заттар кездешкен. Ал эми аларды ар дайым кабыл алып турган адам тердеп, бирок ошол эле маалда башы ооруп, эстен тандырып жана кустураары белгилүү болду.
 

Ссылка: https://barometr.kg/content3817



Добавить комментарий