Ак-Талаа районунда сел жүрдү

10 июля 2017 15:52 667 Barometr
Поделиться в:
ok

Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Үгүт айыл аймагында катуу нөшөрлүү жамгырдан кесепетинен кыян суулары, айылдын  сел өткөрүүчү каналына батпай айылды каптады. Бул тууралуу ӨКМ билдирет.

Берилген маалыматка ылайык, сел 10-июль күнү саат 2:40 чамасында жүргөн. Анда Үгүт айылында А. Акматов көчөсүндөгү 4 турак-жайдын короолоруна сел суулары кирген.

Райондук ЖК комиссиясы жана Ак-Талаа району боюнча ӨК бөлүмүнүн башчысы жеринде абал менен танышып, жарандарга түшүндүрүү жана аймактагы абалды тактоо иштерин жүргүзүлгөн. Азыркы учурда суу тартылып коркунуч жоюлду, суу кирип кеткен турак жайлардын короосундагы сууларды тазалоо иштери жүргүзүлүдө.

Адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес.

Ссылка: https://barometr.kg/content3767



Добавить комментарий