Президенттик шайлоону чагылдырууга 258 ЖМК катталды

10 июля 2017 15:00 703 Barometr
Поделиться в:
ok
Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы  үгүткө катыша турган жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларды аккредитациядан өткөрүү ишинин жыйынтыгын чыгарды.
Аталган маалыматка таянсак, 4-июлга карата БШКга  президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышууга ЖМКлар жана интернет-басылмалардан 260 билдирүү түшкөн.
Алардын ичинен 258и аккредитациядан өткөн:
– 56 телевидение; 29 радио; 116 газет-журналдар; 57 интернет-басылмалар.
Эскерте кетсек,  ушул жылдын 15-октябрь күнү президенттик шайлоо өтөт.
 
 
 
 

Ссылка: https://barometr.kg/content3759



Добавить комментарий