Акыйкатчы Кубат Оторбаевдин үйүн тоноп кетишти
Поделиться в:
Кыргызстандын акыйкатчысы Кубат Оторбаевдин үйүн тоноп кетишти. Бул тууралуу 5news.kg маалымат порталына күч органдарындагы өздүк булактардан белгилүү болгон.
Маалыматка ылайык, уурулар 9нан 10-июлга түнү үйгө киришип, акча жана баалуу буюмдарды алып кетишкен. Азыркы тапта уурдалып кеткен буюмдардын жана акчанын көлөмү такталып жатат.
Окуя болгон учурда үйдө эч ким болгон эмес. Оторбаев өзү иш сапарда, ал эми үй-бүлөсү конокто болгону кабарланат.
Азырынча Бишкек ШИИБи бул боюнча расмий маалымат бере элек.
Ссылка: https://barometr.kg/content3751
Добавить комментарий ×