Энелердин өлүмү көбөйдү

23 декабря 2016 13:52 477 Barometr
Поделиться в:
ok

 Кыргызстан тилекке каршы  дүйнөдө энелердин өлүмү боюнча биринчи орунда турат. Мындай маалыматты Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюму таратты.  Маалыматка караганда республикабызда 100 миң аялдын 76сы төрөт учурунда өлүмгө дуушар болсо  2015-жылы өлкөдө 63 аял төрөттөн каза тапканы белгилүү болду. Энелердин өлүмү боюнча көп көрсөткүчтү Жалал-Абад жана Ош облустары  көрсөтсө, кийинки орундарды  Чүй облусу менен Бишкек шаары ээлеп келүүдө. Аталган уюмдун көрсөткүчтөрүнө энелердин өлүмүнө өлкөдөгү төрөт үйлөрүнүн жетишсиздиги, андагы тиешелүү шарттардын жоктугу, дарыгерлердин кайдыгер мамилеси жана аялдардын өздөрүнүн ден соолугуна кош көңүлдүгү себеп экенин көрсө болот. 

Ссылка: https://barometr.kg/content375



Добавить комментарий