Ош аба майданы кайра жасалат
Поделиться в:
Акыркы жолу 2000-жылы толук ремонттон өткөн Ош аба майданынын VIP-залы кайрадан оңдоп түзөөдөн өтүү алдында турат. Бул тууралуу аба майдандын башчысы Талант Ысаков журналисттерге түшүндүрмө берди. Анын айтымына караганда келген конокторду тосуп кайра узаткан зал заман талабына жараша толук жооп бербейт. Заманбап эмеректерди коюп кайра башынан жасалууга убакыт келип жетти. Дээрлик он алты жылдан бери оңдоло элек бул жайдын багы эми ачылмак болду. Тейлөө сервисин дагы жакшыртуу пландары жүрүп жатат. Баардык каржы каражаттары аба майдандын өзүнүн ички кирешесинен пайдаланылмакчы.
Ссылка: https://barometr.kg/content373
Добавить комментарий ×