Чыныбай Турсунбеков Нурлан Нигматулин менен жолукту
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков Казакстандын мажилисинин Төрагасы Нурлан Нигматулин менен Азербайжан мамлекетине болгон иш сапары учурунда, Баку шаарында жолукту. Жолугушууда Төрага эки тараптын парламент башчылары казак кыргыз парламентинин мамилесин мындан ары дагы өркүндөтүүгө багыттай турганын билдиришти. Жолугууда Чыныбай Акунович казак парламент башчысына “Эки бир тууган элдин ортосунда эч кандай чечилбеген маселе болбош керек. Биз болгон маселелерди биргелешип иш алып барып чечебиз” –деп айтты. Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин башчысы Чыныбай Акунович жаз айында өтө турган “ТүркПа” уюмунун жыйынына кесиптешин чакырып өттү.
Ссылка: https://barometr.kg/content371
Добавить комментарий ×