Гамбургда «Чоң жыйырмалык» өлкөлөрүнүн лидерлеринин жолугушуусу башталууда

7 июля 2017 16:51 623 Barometr
Поделиться в:
ok

Гамбургда дүйнөнүн алдыңкы өлкөлөрүнүн лидерлери климаттын өзгөрүшү жана соода маселелери боюнча АКШ президенти Дональд Трамп менен катаал сүйлөшүүлөрдү өткөрүүгө даяр. Рейтер агенттиги билдиргендей, саммит шаарда нааразылык акциялары өтөт деген коркунуч алдында башталууда. Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы кабарлады.

Агенттик Гамбургдагы жолугушуу Трамптын «Биринчи кезекте Америка» деген саясаты Европа менен Кытайды жакындаткан шартта өтүп жатканын билдирүүдө.

Трамп жума күнү түштөн кийин Владимир Путин менен алгачкы жолу жолугат. Ошондой эле АКШ лидери саммиттин алкагында Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен дагы сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Анда талкууга алына турган темалардын бири Түндүк Кореяны токтотуу маселесинде Вашингтондун Пекинге басым жасоону күчөтүүнү каалап жаткандыгы болушу мүмкүндүгү айтылууда.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content3681



Добавить комментарий