Бакдөөлөт Расулбеков коло медаль тагынды
Поделиться в:
Оор атлетика боюнча Доха шаарында атайын 14-16-декабрга карата мелдеш өткөрүлгөн. Мелдешке мекендешибиз Бакдөөлөт Расулбеков 94 кг салмактагылар арасындагы атаандаштары менен беттешип күчүн сынаган. Кыргызстандык спортчу 145 килограмм оордукту, түртүп көтөрүүдө 183 килограммды багындырган. Жыйынтыгында 328 килограмм көтөрүү менен коло медаль тагынып мекенине кубаныч менен кайтты. Ал эми алтын медалды олимпиада чемпиону Сохраб Моради тагынса, колону медалды египеттик Мохамед Ихаб өз энчисине жазып мелдешти жыйынтыкташкан.
Ссылка: https://barometr.kg/content367
Добавить комментарий ×