Мексикада жарылуу болду

21 декабря 2016 09:46 605 Barometr
Поделиться в:
ok

 Мексиканын Мехико штатынын Тультепек шаарында жайгашкан базарлардын биринде жаңы жылдык фейерверктин айынан  жарылуу болуп адам өмүрүн алып кетти. Штаттын губернатору Эрувиель Авил Вилльегастин билдиргенине караганда жардыруудан кийин  29 адам каза тапты. Алардын 26сы окуя болгон жерден, ал эми үчөө ооруканадан каза тапкан.  Мындан сырткары 72 киши  ар кандай жаракат алышкан. Жарылуунун айынан 300 дүкөндүн  ичинен 290  жабыркап, шаарда баш аламандык башталган. Жарылуу болгон базар Мексикадагы  пиротехникалык  керектөөлөрдү саткан  эң белгилүү базар болуп эсептелинет.  Өзгөчө жаңы жылдын алдында  базардын абдан популярдуулугу артып,  сатып алуучулар абдан көп болот.

 

 

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content366



Добавить комментарий