Сооронбай Жээнбеков Ысык-Көлдө иш сапарда жүрөт

21 декабря 2016 09:34 543 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков иш сапары менен Ысык-Көл областын кыдырып жүрөт. Өкмөт башчы биринчи эле ишин  Тоң районунун Кара-Шаар айылындагы спорттук залдын ачылыш салтанатына катышуу менен баштады. Премьер-министрдин иш сапарынын алкагында билдирүүсүнө таянсак Бюджеттин 50% ашууну билим берүү, саламаттык сактоо жана социалдык коргоого жумшалууда. Мындан сырткары   Сооронбай Жээнбеков Рио-Де Жанейродо  өткөн олимпиадада спортчуларыбыздын  ийгиликке жетишпей калуусун  спорт залдарынын  начар экендигине байланыштырып көңүл бурууну жогорулатып жатканын айтты. Мындан сырткары ал спорттук залга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан спорттук инвентарь тапшырып ийгилик каалады. Ошондой эле өкмөт башчы  мектептин да ачылышына катышып, жергиликтүү тургундар, мугалимдер менен жолугушуу өткөрдү.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content365



Добавить комментарий