Аксыда 1-топтогу майып сууга агып кетти
Поделиться в:
2017-жылдын 04-июль күнү саат 16:00 чамасында Жаны-Жол айыл аймагында Караган-Сай айылынын тургуну 1984-жылы туулган эркек адам (1-группадагы майып) Кара-Суу дарыясына агып кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Туугандары тарабынан өз алдынча издөө иштери жүргүзүлүп, табышкан эмес. 5-июль күнү КР ӨКМнин куткаруучулары тарабынан издөө иштерин жүргүзүлүп бирок натыйжа болгон эмес. Издөө иштери 6-июль күнү улантылат.
Ссылка: https://barometr.kg/content3595
Добавить комментарий ×