Россиянын элчисин атып кетишти
Поделиться в:
Россиянын Түркиядагы элчиси Андрей Карловду Анкара шаарындагы мекемелердин биринде жергиликтүү убакыт боюнча саат 19:00до сүрөт көргөзмө өткөрүп жаткан жеринен атып кетишти. Эч кимге билинбей келген жан кечти элчинин сүйлөп жаткан жеринен атып салган. Анысы аз келгенсип ошол жерде көргөзмөгө катышып жаткандарды тарап кетүүсүн талап кылган. Ал жерде Кыргызстандын элчиси Ибрагим Жунусов да бар болчу. Биздин элчи журналисттерге берген маалыматына караганда жан кечтини алар Карловдун жан сакчысы деп ойлошкон. Түркиянын коопсуздук кызматы кылмышкерди атып өлтүрүп, элчинин сөөгүн туугандарына өткөрүп беришти.
Ссылка: https://barometr.kg/content359
Добавить комментарий ×