Баткенде катуу жааган жаандан улам сел жүрдү
Поделиться в:
Лейлек районунун Лейлек айыл аймагында 4-июлунда саат 20:00 чамасында жааган жаандын кесепетинен Коргон жана Ак-Терек айылдарында тоолордон сел түшкөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.
Сел 17 турак-жайдын короолоруна жана 2 сарайга кирген. Андан сырткары 1,4 чакырым ички чарбалык арыктар, 1,7 чакырым ички чарбалык жол ар жеринен сел калдыктарына толгон. Адам өмүрүнө зыян келтирилген жок.
4-июль күнү райондук Жарандык коргоо комиссиясы тарабынан тактоо иштери жүргүзүлүп, тазалоо иштери 5-июль күнү башталат.
Ссылка: https://barometr.kg/content3585
Добавить комментарий ×