Өзбекстанда газ жана электр кубаты үчүн карызы барларды күч менен төлөтүшүүдө
Өзбекстанда Башкы прокуратуранын алдында түзүлгөн атайын бюро 1-июлдан тарта газ жана электр кубаты үчүн карызы барларды мажбурлап төлөтүү иштерин баштады. Айрым учурда бюронун өкүлдөрү бересеси барларга карата физикалык күч колдонуп жатканы айтылууда. Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктьар кызматы кабарлады.
Активисттер Ташкенттин бардык маалелеринде бюронун инспекторлору карыздарды чогултуп баштаганын ырасташууда.
– Биздин мааледе үч күн ичинде бюронун инспекторлору газ жана электр кубаты үчүн бересеси барлардан 1,5 миллион сум чогултту. Мурда биз үймө-үй кыдырып, карыздарды төлөгүлө деп жалдырачубуз, бирок алар баары бир беришчу эмес. Бюронун инспекторлору болсо карызы бар жашоочунун үйүнө кирип, төлөтмөйүн чыгышпайт,- деди Ташкенттин Чиланзар районунудагы мааленин активисттеринин бири.
Мурдараак 10-июлга чейин карызынан кутулбагандардын мал-мүлкү конфискацияланары кабарланган. Бирок өз булактар атайын форма кийип, колуна союл кармаган бюронун инспекторлору бул мөөнөттү күтпөй, 1-июлдан тарта катаал чараларды колдонуп башташканын кабарлашууда.
Жаңы тартипке ылайык, газ жана электр кубаты үчүн карызды убагында төлөбөгөндөрдүн мүлкү мамлекеттин карамагына өтүп, Өзбекстандан чыгууга тыюу салынат.
Ссылка: https://barometr.kg/content3543
Добавить комментарий ×