Түрк хирургдары акысыз операция жасашууда

19 декабря 2016 11:28 478 Barometr
Поделиться в:
ok

Буга чейин Түркиядан келген атайын жүрөк кан тамыры боюнча тажырыйбалуу  хирургдар Бишкек шаарында 14 жүрөк оорулууга акысыз операция жасашкан.  Эми алар Жалал-Абад шаарында операция жасоого камданышууда.  Жалал-Абад шаардык түштүк регионалдык жүрөк кан -тамырлар илимий изилдөө борборунда Түркиянын Стамбул шаарындагы клиникалардан келген ондон ашык кардиолог-хирургдардын тобу бейтаптарга акысыз операция жасашат. Албетте мындай жайда  операция болууга өтө муктаж болуп бирок каражаты жетишпей жаткандарга жасалат.  Мындан сырткары хирургдар  өз тажырыйбаларынан кыргыз хирургдарына да бөлүшүп жатышат.  Жакын арада алар Ош шаарында дагы бекер операция жасоосун улантышат.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content354



Добавить комментарий