Мукар Чолпонбаев президенттикке ат салышуу үчүн арыз берди

5 июля 2017 14:19 542 Barometr
Поделиться в:
ok

Коомдук ишмер Мукар Чолпонбаев президенттикке талапкерлигин коёт турганын бүгүн бүгүн, 5-июлда тегерек стол учурунда билдиргенин Каганат булагы кабарлады.

Айтымында, ал бүгүн БШКга президенттикке талапкерлигин коёру тууралуу арыз тапшырат.

“Азыр башка жол жок. Же кыргыз эли жок болот же гүлдөп өсөт. Президентти издеп табалы дагы аны шайлайлы деп атабыз. Биз аларды издеп убара болбойлу, президент болом дегендердин баарын колдойлу”,-деди ал.

Ошондой эле Чолпонбаев бүгүнкү күндө түзүлгөн коомдук-саясий система кыргыз элинин үрп-адатына, каада-салтына туура келбей жатканын айтты.

“Демек, бизге жаңы коомдук-саясий система түзүү керек. Ага колу, ичи, сырты да таза адамдарды алып келүүгө шарт түзүүбүз керек. Ошондо гана биз кыргыздын улутун сактап кала алабыз”,-деди ал.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content3534



Добавить комментарий