Дүйнө сулуусу аныкталды

19 декабря 2016 10:27 563 Barometr
Поделиться в:
ok

1951-жылдан бери өткөрүлүп, нечендеген сулууларды  электен өткөрүп,  бир нече сулууну дүйнө сулуусу деп тапкан конкурс  өз салтын бузбай бул жылы дагы жыйынтыкталды.  Былтыр мындай абройлуу наамды инспаниялык Мирейя Лалагуна илип кетсе, ушул жылы Пуэрто-Рико мамлекетинин  19-жаштагы тургуну Стефани Дель Валле илип кетти.  Американын Мэриленд штатында өткөн бул сулуулардын конкурусу дүйнө элинин көз карашын өзүнө бурду.  “Дүйнө сулуусу 2016” наамын алган сулуудан тышкары  алдыңкы он сулуунун катарын Монголия, Венгрия, Индия, Бразилия, Австралия, Кытай, жана  АКШнын  кыздары толукташты.

 

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content353



Добавить комментарий