Чаткалда котормочу дарыяга агып кетип, табылбай жатат

5 июля 2017 11:33 798 Barometr
Поделиться в:
ok

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Чаткал айыл аймагына караштуу Курулуш айыл аймагындагы Чаткал дарыясынын ортосундагы аралчасына 2017-жылдын 4-июль күнү саат 17:18 чамасында ОсОО “Концлер Аурум” алтын кен казуучу ишканасынын котормочусу Ю. Я. аттуу эркек жарандын сөөгү агып келип, туруп калган. Бул туурасында ӨКМнин басма сөз кызматы кабарлады.

Курулуш айылынын жергиликтүү тургундары көрүшкөндүгү аныкталган.

Күбөлөрдүн божомолдоосу боюнча аталган жаран сууга агып кеткен болушу мүмкүн.

Кырсык болгон жерге КР ӨКМнин Таш-Көмүр шаарындагы 2-өзүнчө куткаруу отрядынын 10 куткаруучу 5-июль күнү саат 04:50дө жетип барышкан.

Бирок аталган Чаткал дарыясынын аралчасында турган жансыз дене түн ичинде Чаткал дарыясыныяын агып кеткендиги белгилүү болду. Азыркы убакта издөө иштери жүрүп жатат.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content3521



Добавить комментарий