Москвада жаңы өкүлчүлүк ачылды

17 декабря 2016 18:03 548 Barometr
Поделиться в:
ok

Дээрлик 1 миллиондон ашык кыргызстандыктар мигрант болуп жүргөн Россиянын Москва шаарында  миграция боюнча маселе арбын. Мындай учурда элчилик көпчүлүктүн сөзүн угууга кээде жетишпей калат. Ушундай маселелердин алдын алуу үчүн   кыргыз бийлиги  Москвага Кыргызстандын Мамлекеттик миграция кызматынын өкүлчүлүгү ачылганы маалым болду.  Маалыматты  Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин маалымат кызматынан кабарлашты. Элчи Болот Отунбаев кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүп, өкүлчүлүктүн жетекчиси болуп дайындалган Төлөнбай Кожобаевди тааныштырганТөлөнбай Кожобаев   бул кызматты ээлегенге чейин Кыргызстандын Екатеринбургдагы башкы консулу болуп эмгектенип жаткан.   Аталган өкүлчүлүк мигранттар менен иш алып барып, кеп-кеңеш берип  укугу бузулган же миграциялык милдетин жакшы билбеген жарандарыбызга жардам көрсөтөт.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content351



Добавить комментарий