Ч.Турсунбеков: "Шериктештик балдары" форуму уникалдуу аянтча болуп эсептелет
Кечээ, 4-июнда Жогорку Кеңешинин төрагасы Чыныбай Турсунбеков менен Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Федерация Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко "Шериктештик балдары" эл аралык маданий-билим берүү форумунун алкагында уюштурулган терегек үстөлгө катышты.
Аталган форум КМШга кирген мамлекеттердин келечеги болгон жаштардын достугун арттырууда өзгөчө мааниге ээ экендигин белгилеген Төрага Чыныбай Турсунбеков: "КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын түзүлгөндүгүнүн жыйырма беш жылдыгын утурлай өткөрүлүп жаткан бүгүнкү иш-чара келечек муундун тажрыйба алмашып, билим деңгээлдерин жогорулатуусуна гана шарт түзбөстөн, башка маданияттарды таануу менен дүйнөлүк көз карашын кеңейтүүсүнө да өбөлгө болот. Айрыкча, бул форум тарыхый байланышка ээ мамлекеттердин жаштарынын тыгыз кызматташуусу жана жакындан пикир алышуусу үчүн зарыл болгон уникалдуу аянтча болуп эсептелет. Андыктан, беш жылдан бери кереметтүү Ысык-Көлүбүздүн жээгинде ар кайсы тематикада өткөрүлүп келе жаткан "Шериктештик балдары" форумун мындан ары да улантуу башкы максатыбыз", - деди.
Валентина Матвиенко өткөрүлүп жаткан бүгүнкү иш-чара үчүн төрага Чыныбай Турсунбековго ыраазычылык билдирип өттү.
Белгилей кетсек, КМШга кирген өлкөлөрдүн "Шериктештик балдары" эл аралык маданий-билим берүү форуму, жыл сайын Ысык-Көлдүн жээгинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын (ПАА) жетекчилиги менен өткөрүлүп келет.
Ссылка: https://barometr.kg/content3504
Добавить комментарий ×