Ташкенттин имамы алтын сааты жөнүндөгү ушактарды четке какты

4 июля 2017 13:11 447 Barometr
Поделиться в:
ok

Ташкенттин башкы имам-хатиби Анвар-кори Турсунов алтын саат тагынбай турганын билдирди. Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы маалымдады.

Анын Эл аралык пресс-клубда тартылган сүрөтүндө байкалган сааты социалдык түйүндөрдө кызуу талкууларды жараткан. Айрым колдонуучулар имамдын 20 миң АКШ долларына бааланган саатты тагынып жүрүшү туурабы деген суроолорду да узата башташкан.Имамдын айтымында, Орозо айт майрамынын алдында анын кол сааты бузулуп калып, ага тааныштарынын бири өз саатын белек кылган.

«Мен андан сааты канча сом экенин сураганымда, ал Бириккен Араб Эмирлигинен 200 долларга сатып алганын айткан. Азыр болсо менин 20 миң долларлык саат тагына тургандыгым жөнүндө ушактар айтылып жатат. Адамды минтип каралоо болбойт да! Алгач алар мени менен байланышып, сааттын баасын тактап алышы керек болчу. Мен өмүрүмдө бир дагы жолу алтын саат тагынып көргөн эмесмин», - деди имам.Андан тышкары Турсунов өтө бай жашай тургандыгы жөнүндөгү маалыматтар боюнча да түшүндүрмө берди.

– Мен атамдын үйүндө жашайм. Анчалык бай эмесмин. Үйгө келип баарын өз көзүңөр менен көрүп кетсеңер болот. Мен жеке үйдө жашайм, жер тилкесинин аянты 3 сотых. Жакында 60ка чыгам, өмүрүмдө бир дагы үй курганым жок. Менин беш балам бар, ошондой эле апамды багам. Эгер кимдир бирөө үчүн менин жашоом кызык болуп атса, үйгө келсин, – деди Анвар-кори Турсунов.

Айрым интернет колдонуучулар Ташкенттин башкы имамы BMW 6 үлгүсүндөгү унаа менен жүрө тургандыгын жазышкан. Бирок имам бул маалыматтарды да четке какты. Ал эски үлгүдөгү Chevrolet Captiva унаасын айдай турганын жана аны ишкер уулу сатып бергенин айтты.59 жаштагы Анвар-кори Турсунов Өзбекстандагы эң көрүнүктүү диний ишмерлердин бири болуп эсептелет.

Ссылка: https://barometr.kg/content3469



Добавить комментарий