Токмокко жакын жерден жол кырсыгы катталып эки адам каза болгон

4 июля 2017 10:35 365 Barometr
Поделиться в:
ok
Жол кырсыгы болжол менен саат 12.45тер чамасында болгон.
 
Токмокко жакын жердеги айланма жолдо болгон жол кырсыгынан эки киши каза болду. Бул тууралуу күбө Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.
 
Анын айтымында, эки автоунаа саат 12:45тер чамасында бетме-бет кагышкан. "Биз жолдо катуу жабыркаган Honda Odyssey автоунаасын көрдүк. Экинчи унаа жолдон чыгып кеткен. Эки кишинин сөөгү жатат", — деди күбө.
 
Чүй ОИИББдин кайгуул милициясы бул маалыматты тактап жатканын билдирди.

Ссылка: https://barometr.kg/content3453



Добавить комментарий