Алмазбек Атамбаев Валентина Матвиенко менен жолугушту
Поделиться в:
Президент Алмазбек Атамбаев кечээ, 3-июлда, өлкөгө визит менен келген Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Федералдык Кеңешинин Төрайымы Валентина Матвиенко менен жолугушту. Бул тууралуу Президенттин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.
Өз кезегинде Федералдык Кеңештин Төрайымы Валентина Матвиенко жолугушууга мүмкүнчүлүк үчүн Президент Алмазбек Атамбаевге ыраазычылык билдирди. “Акыркы жолу мен мында 2014-жылы келдим эле, андан бери 3 жыл өттү, мен ошол жылуу, жагымдуу жолугушууларды ушул кезге чейин эстеймин. Бул жолку келишим Жогорку Кеңештин Төрагасынын чакыруусу боюнча КМШ Парламенттер аралык Ассамблеясы менен байланыштуу болду. Мен Ассамблеянын төрайымы катары жана Жогорку Кеңеш менен бирге КМШ өлкөлөрүнүн “Шериктештик балдары” деген эл аралык, билим, маданий форумду уюштуруп жатабыз. Бул форум бешинчи жолу өтүп жатат. Форумду өткөрүүгө колдоо көрсөткүнүңүз үчүн Сизге ыраазычылык билдиргим келет. КМШ өлкөлөрүнүн балдарынын, мугалимдеринин башын кошкон бул форум абдан маанилүү иш-чара. Биз ушунун менен бирдиктүү гуманитардык мейкиндикти түзүп жатабыз. Биздин муун сыяктуу КМШ өлкөлөрүнүн жаштары да бири-бири менен достошкону өтө маанилүү», - деди Валентина Матвиенко.
Жолугушууда Кыргызстан жана Россия ортосундагы парламенттер аралык кызматташтыктын олуттуу маселелери, Россиядагы кыргыз мигранттарынын укуктарын коргоо маселелери, ошондой эле кыргыз-орус мамилелерин мындан ары карай өнүктүрүүнүн келечеги талкууланды.
Ссылка: https://barometr.kg/content3451
Добавить комментарий ×