Ош шаарында сууга агып кеткен 6 жашар кыздын сөөгү табылды
Поделиться в:
Ош шаарында сууга агып кеткен 6 жашар кыздын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Жапалак аймактык башкармалыгында 27-июнь күнү саат 17:32 чамасында Ак-Буура дарыясына 2011-жылы туулган кыз агып кеткен.
Издөө иштерине ӨКМ Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынан 12 куткаруучу жана Ош шаарынын куткаруу кызматынан 12 куткаруучу тартылып бирок натыйжа болгон эмес.
Издөө иштери 29-июнь күнү кайрадан улантылып жыйынтыгында Ак-Буура дарясынын төмөн жагынан 6 жашар Д.Т. жансыз денесин табышып милицияга өткөрүп беришкен.
Ссылка: https://barometr.kg/content3448
Добавить комментарий ×