Алайда дарыгерлердин тобу кырсыктады
Поделиться в:
Ош облусунун Алай районунда дарыгерлер жол кырсыгына кабылды, аларын бирөө каза таап, дагы төрт дарыгер жаракат алды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан маалымдашты.
Кырсык Жошолу айыл аймагында болгон. Дарыгерлер медицина кызматкерлеринин кесиптик майрамын белгилеп Аюу-Тапан жайлоосунан кайтып келе жаткан учурда кырсыкка кабылышкан.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, жабыркагандардын бирөө Алай райондук ооруканасына жеткирилип, экинчиси ар кандай сыныктар менен Оштогу клиникалык бейтапканасына жаткырылды. Калгандары үйлөрүндө, амбулатордук дарылануудан өтүп жатат.
Ссылка: https://barometr.kg/content3424
Добавить комментарий ×