Жогорку Соттун Төрайымы съездке катышып кайтты
Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Төрайымы Айнаш Токбаева Бүткүл россиялык судьялардын IX съездинде катышып кайтты. Ал жерде Россия Федерациясынын Президенти жана жогорку соттордун төрагалары сөз сүйлөп, Россия Федерациясынын Жогорку сотунун Төрагасы Вячеслав Лебедев делегаттар жана келген меймандарга ыраазычылык билдирди. Ал өз сөзүндө “Бул съезд маанилүү коомдук-саясий окуя экендигин белгилеп, съезд жалпы юрисдикциядагы соттордун, арачылык соттордун иштеринин жыйынтыгын чыгарат жана Россия Федерациясынын сот тутумунун мындан аркы өркүндөтүү стратегиясын аныктайт”-деп айтып өттү. Съезддин ишине 780 делегат жогорку россиялык сотторунун, федералдык жалпы юрисдикциядагы, арачылык жана аскер сотторунун, Россия Федерациясынын субъекттеринин конституциялык сотторунун өкүлдөрү катышты. Төрайым Айнаш Токбаева экономика алкагындагы иштер боюнча талаш-тартыштарды чечүүчү жогорку арбитраждык, чарбалык, экономикалык жана башка соттордун Төрагалар Кеӊешинин он үчүнчү отурумуна катышып келди.
Ссылка: https://barometr.kg/content342
Добавить комментарий ×