Ажыга барчуларга атайын сабактар өткөрүлөт

3 июля 2017 13:41 358 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкек шаарынан ыйык Мекке шаарына ажылык милдетин аткарууга жөнөп жаткан мекендештерге ажылык боюнча түшүндүрүү сабактары бүгүндөн тарта башталат. Бул тууралуу 3-июлда Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгынан маалымдашты.

Сабактар борбордук мечитте бешим намазынан кийин саат 14:00до башталып, белгилүү дин аалымдары жумасына үч ирет ажылык сапары боюнча лекцияларын окушмакчы.

Аталган иш-чаранын уюштуруучусу Муктарбек Жусупбековдун айтымында, ар бир ажыга баруучу бул сабактарга катышып, андан кийин ажылык сапарга барышса амалдарды толугуурак аткарууга жардамын бермекчи.

Ажылык сапарга баруучуларга сабактар дүйшөмбү, шаршемби жана ишемби күндөрү уюштурулуп, Сауд Араб Падышачылыгынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, ажылыктын милдеттери менен шарттары түшүндүрүлөт.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content3405



Добавить комментарий