ИИМ: Депутат экстремисттик мүнөздөгү материалдар менен кармалды
Поделиться в:
КР ИИМдин Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкы башкармалыгы менен 10 башкы башкармалыктын кызматкерлери тарабынан “Хизб-ут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмдун ишмердүүлүгүнө тиешеси бар деп шектелген Жалал-Абад областынын Базар-Коргон районунун жашоочусу, жергиликтүү кеңештин депутаты Ш. М. аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Жашаган жерин мыйзамдуу негизде текшерүү маалында экстремисттик мүнөздөгү материалдар алынды.
Бул факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 299-2- беренеси (Экстремисттик жана террористтик уюмдардын белгилерин билип туруп колдонуу, экстремисттик материалдарды даярдоо, алуу, сактоо, жайылтуу, ташуу) боюнча кылмыш иши козголду. Кармалган адам убактылуу жайга киргизилди.
Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.
Ссылка: https://barometr.kg/content3402
Добавить комментарий ×