Татарстандагы жол кырсыгында 14 адам каза тапты
Поделиться в:
Татарстанда болгон жол кырсыгында жалпысынан 14 адам каза тапты
Президент Алмазбек Атамбаев Самара — Ижевск унаа жолунда болгон жол кырсыгынан адамдардын өмүрү кыйылгандыгына байланыштуу Татарстандын лидери Рустам Миннихановго көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.
Жекшемби түнү Самара — Ижевск жолунда жүк ташуучу унаа менен автобус сүзүшкөн. Жыйынтыгында автобус оодарылып, өрттөнүп кеткен. Акыркы маалыматтарга караганда, кырсыктан 14 адам каза болгон.
Жол кырсыгында каза болгондордун арасында чет элдик жарандар, анын ичинде кыргызстандыктар да жок экенин Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. "Татарстандын Заинск шаарында адам өмүрүн алган жол кырсыгы болгондугун терең кайгыруу менен кабыл алдык. Өзүмдүн жана жалпы Кыргызстан элинин атынан каза болгондордун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, жаракат алгандардын тез арада сакайып кетишин каалайм", — деп айтылат катта.
Аталган жол кырсыгы боюнча РФтин ИИМдин Тергөө башкы башкармалыгы кылмыш ишин козгоду.
Төргөө комитети кырсыктын себеби катары айдоочу унаанын жарыгынан көзү жакшы көрбөй калган, рулда уктап кеткен жана унааны башкара албай калган деген үч версияны карап жатат.
Ссылка: https://barometr.kg/content3391
Добавить комментарий ×