Бишкекте КМШ Өкмөт башчылар кеңешинин жыйыны өтөт

7 июня 2016 11:12 968 Barometr
Поделиться в:
ok

7-июнь күнү  борбордо   Көзкарандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчылар кеңешинин  жыйыны өтөт.  Ага Кыргыз Республикасынын төрагалык кыла тургандыгын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Маалыматтык камсыздоо бөлүмүнө шилтеме берүү менен  Кабар агенттиги жазып чыкты.

Жыйынга  КМШ Аткаруу комитетинин төрагасы – аткаруучу катчысы Сергей Лебедев, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасы Дмитрий Медведев, Казакстан Республикасынын премьер-министри Карим Масимов менен бирге Молдова, Белорус, Тажикстан жана башка өлкөлөрдүн   премьер-министрлеринин катышуусу  менен  КМШ мейкиндигиндеги интеграциялык процесстерди өнүктүрүүгө жана тереңдетүүгө багытталган жыйырмадан ашуун биргелешкен документтерге кол коюулуусу күтүлүүдө.

 Өкмөт башчылар кеңешинин жыйынын чагылдырууга КМШ өлкөлөрүнөн 118 журналист аккредитеттиленип, 200дөн ашуун орундуу пресс-борбор уюштурулган.

   

Ссылка: https://barometr.kg/content339



Добавить комментарий