Өмүрбек Бабанов өзүн-өзү президенттикке талапкер деп көрсөттү

3 июля 2017 09:20 558 Barometr
Поделиться в:
ok
"Республика" партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов өзүн-өзү президенттикке талапкер деп көрсөттү
Борбордук шайлоо комиссиясына "Республика — Ата-Журт" парламенттик фракциясынын лидери Өмүрбек Бабановдон президенттикке талапкер болом деген арыз түштү. Бул туурасында аталган ведомстводон кабарлашты.
Бабанов президенттикке талапкерлигин өзү көрсөткөн.
Бул арызды кошкондо БШКга президентик шайлоого аттанам деген 12 талапкер арызын берген. Алар — Темир Сариев, Өмүрбек Текебаев, Назарбек Нышанов, Арстанбек Абдылдаев, Рита Карасартова, Бакыт Дегенбаев, Сайнидин Султанидинов, Камила Шаршекеева, Бакыт Төрөбаев, Турсунбай Бакир уулу, Өмүрбек Бабанов жана Таалатбек Масадыков болду.
 
Шайлоо үстүбүздөгү жылдын 15-октябрында өткөрүлөт. Талапкерлерди көрсөтүү 1-августка чейин созулат.

Ссылка: https://barometr.kg/content3382



Добавить комментарий