"Азия MIX" Жайкы кубокто үчүнчү орунду алды

3 июля 2017 09:15 459 Barometr
Поделиться в:
ok
Бишкектик "Азия MIX" командасы Астана шаарында өткөн Жайкы кубокто үчүнчү орунду ээлегени тууралуу КВН Эл аралык союзунун расмий сайтында жарыяланды.
 
Ишемби күнү өткөн оюнга "Азия MIX", "Казахи", "ГородЪ ПятигорскЪ" жана "Сборная Камызякского края по КВНу" командалары катышты.
 
КВНчилер адаттагыдай эле "Саламдашуу", "Биатлон" жана "Музыкалык үй тапшырма" сынактарында таймашты.
 
Бардык сынактардын жыйынтыгы боюнча "Казахи" биринчи (12 упай), "Сборная Камызякского края по КВНу" командасы экинчи (11,8 упай), "Азия MIX" үчүнчү (11,1 упай) орунду ээледи. "ГородЪ ПятигорскЪ" командасы 10,2 упай гана упай топтой алды.
 
Биринчи орунду ээлеген казак командасы Байтерек имаратынын формасындагы кубокко жана  400 миң рублга ээ болду. "Азия MIX" КВН Жогорку Лигасынын учурдагы чемпиону.
 
КВН Жайкы лигасы — акыркы жылдары Жогорку лиганын чемпиондору болгон командалар арасындагы оюн.
 
Булак:sputnik.kg

Ссылка: https://barometr.kg/content3381



Добавить комментарий