Эки журналист Беш-Таш суусуна агып кетип көз жумду
Поделиться в:
Таласта эки журналист кечээ Беш-Таш суусуна агып көз жумду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 1-июль күнү саат 20.30дар чамасында Куткаруу кызматына чалуу келип түшкөн. Анда эки жаран Беш-Таш суусуна агып кеткендиги кабарланган. Куткаруучулар кырсык болгон жерге барганда алар менен чогуу эс алууга чыккан кесиптештери сөөктөрдү суудан алып чыкканга үлгүрүшкөн. Экөөнө көрсөтүлгөн алгачкы медициналык жардам майнапсыз болгон. "Окуя болгон жердеги териштирүүдө 38 жаштагы аял сууга бетин жууп жатып, Беш-Таш дарыясына түшүп кеткендиги аныкталган. Анын артынан 34 жаштагы эркек адам куткарам деп секирген. Суунун агымы катуу болгондуктан экөөнү агызып кетип, каза болушкан",— деди министрликтен.
Маалыматта агымы катуу суу менен акканда алардын денеси таштан-ташка тийип, катуу жаракат алганды айтылат.
Каза болгондордун бирөө Сүйүн Өмүрбеков Next TV каналынын аткаруучу директору болуп иштеп келген. Артында үч кызы жана кош бойлуу колуктусу калды. Элмира Сүйүнбекованын үч кыз, бир уулу болгон.
Өмүрбековдун сөөгү бүгүн Бакай-Ата айылында, ал эми Сүйүтбекова 3-июлда Талас шаарында жерге берилет.
Ссылка: https://barometr.kg/content3380
Добавить комментарий ×