Он эки айдын эң кайрымдуусу – Рамазан айы

31 мая 2016 19:02 2096 Barometr
Поделиться в:
ok

Орозо кармаган адам арам нерселерден коргонуусу, т.а колу-бутун, көз-кулагын, тилин жаман нерселерден сактай билүүсү, бирөөлөр менен талашып-тартышпоосу зарыл.

СААРЛЫКТА ООЗДУ БЕКИТҮҮ ДУБАСЫ:
“Навайту ан асуума савма шахри рамадана минал фажри илал магриби, халисан лиллахи тьала, Аллаху акбар”.

Кыргызча мааниси: 
“Алла Тааланын ыраазычылыгы үчүн таң аткандан күн батканга чейин Рамазан айынын орозосун кармоого ниет кылдым, Аллаху акбар”.

ИФТАРДА ООЗДУ АЧУУ ДУБАСЫ:
“Аллахумма лака сумту, ва бика ааманту, ва алайка таваккалту, ва алаа ризкика афтарту, фагфирли ма коддамту ва маа аххарту, бирохматика йа архамар роохимиин”.

Кыргызча мааниси:
“Аллахым, өзүң үчүн орозо кармадым, өзүңө чындап ишендим, өзүңө таяндым, өзүң берген ырыскы менен ооз ачуудамын, баштан-аяк кетирген ката, күнөөлөрүмдү кечир”.

 

ОРОЗОНУ ЭМНЕЛЕР БУЗАТ?

  • Билип туруп бир нерсе жеп-ичүү;
  • Жыныстык байланышта болуу;
  • Атайылап кусуу орозону бузгандыкка барабар.

ОРОЗОНУ ЭМНЕЛЕР БУЗБАЙТ?

  • Орозо экендигин унутуп калып жеп-ичүү,
  • Кан алдыруу.
  • Тиш пастасын этияттык менен колдонуу, бирок суу кекиртектен ары өтпөшү керек.
  • Көзгө дары тамызуу, сурма коюу.
  • Тиш жулдуруу орозого кедерги туудурбайт. Бирок кан же дары сыяктуулар ичке жутулбашы абзел.
  • Ооз менен мурунга суу алып чайкоо, тек гана сууну жутпаш керек.
  • Сергүү үчүн жуунуу, сууда сүзүү же нымдалган кийим кийүү. Сууда сүзгөндө ооз-мурундан кекиртекке суу кирбөөсү зарыл.
  • Ушак-айың, жалган сүйлөө сыяктуу арам иштер орозону бузбайт. Бирок буларды жасаган адам оор күнөөгө батат.
  • Кекиртекке ыш, түтүн же ун, топурак, цементтин чаңы кирсе, чымын кирип кетсе.
  • Эрксиз кусуу ооз толтура болсо да орозону бузбайт.
  • Ооздун ичиндеги, мурундун ичиндеги түкүрүк-какырыкты жутуудан орозо бузулбайт.
  • Күндүзү уктап калганда түшүркөп бел суусу аккандан орозо бузулбайт.
  • Кулакка суу кирсе.
  • Тиштер арасында калган тамак калдыгы төө буурчактан кичине болсо жана ал жутулса, орозону бузбайт. Анткени майда тамак калдыктары түкүрүк сымал каралат.
  • Гүл, байчечекей сыяктуу жыттуу нерселерди искөө.

ОРОЗО КАРМАБООНУН КЕЧИРИЛЧҮ СЕБЕПТЕРИ

1.     Оорулуу болуу. Орозо тутууга тоскоолдук кылган кандайдыр бир сыркоосу болгон же болбосо орозо туткан маалда сыркоосу күчөй турган болсо, анда ал адам орозо тутпай койсо болот. Өтө катуу ачка болуу же денеде суунун жетишсиздигинен ден соолук начарлап бузула турган болсо, бул учурда дагы орозо токтотулат.

2.     Сапарда болуу. Шарият боюнча жолоочу (үйдөн белгиленген аралык ж.б. шарттары бар) орозо тутпаса болот. Бирок орозону баштап койгондон кийин сапарга чыга турган болсо, анда орозосун тутууга туура келет. Эгер орозосун бузса, казасын гана орундатат. Жолоочулар үчүн эң жакшысы – Рамазан убагында орозо тутуу.

3.     Кош бойлуу болуу же бала эмизүү. Кош бойлуу аял орозо тутканда баласына же өзүнө зыян келе турган болсо, анда орозо тутпайт. Тутулбай калган күндөрүн кийинчерээк орозо кармап толуктайт.

Ссылка: https://barometr.kg/content338



Добавить комментарий