“Республика” партиясынын жыйын өтүүдө
Уюштуруучулар элдик курултай деп атаган иш-чарага 700дөн ашык адам келгени айтылды. Анын жүрүшүндө Жогорку Кеңештеги "Республика-Ата Журт" фракциясынын лидери, депутат Өмүрбек Бабановдун президенттикке талапкерлиги көрсөтүлөрү маалым болду.
Иш-чарага Медеткан Шеримкулов, Апас Жумагулов, Үсөн Сыдыков, Феликс Кулов, Абдыганы Эркебаев, Курманбек Осмонов, Абдрахман Маматалиев сыяктуу мамлекеттик ишмерлер, Жогорку Кеңештеги "Республика-Ата-Журт" фракциясынын депутаттары,Социал-демократтар фракциясынын лидери Иса Өмүркулов катышууда.
Жыйын Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда өтүп жатат. Бабановдун эмне себептен элдик курултай аркылуу президенттикке көрсөтүлөрү азырынча айтыла элек.
Ссылка: https://barometr.kg/content3362
Добавить комментарий ×