Өкмөт Ак-Талаа районундагы көпүрөнү оңдоого 50 млн сом каражат бөлөт
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы «Акталчат–Казарман» автожолунда жайгашкан көпүрөнү оңдоого 50 млн сом каражат бөлөт. Бул тууралуу Кыргыз Республиксынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 30-июнда, Нарын облусуна болгон жумуш сапарында билдирди.
Өкмөт башчы Ак-Талаа районундагы «Акталчат–Казарман» автожолунда жайгашкан көпүрөнүн абалын көрдү.
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов маалымдагандай, жалпы узундугу 140 метр болгон көпүрө өткөн кылымын 60-жылдары салынган. 2017-жылдын март айынын бери түптөрүн суу каптагандыктан авариялык абалган келген. Транспорт жана жолдор министрлиги тарабынан комиссия түзүлүп, Нарын дарыясындагы суунун көбөйүшүнөн улам, көпүрөнүн үч тирегичи бошоп калганы аныкталган. Буга байланыштуу көпүрө аркылуу өтүүчү жол кыймылы убактылуу токтотулган.
Жергиликтүү тургундар менен жолугушууда Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков аталган көпүрө аркылуу өтүүчү транспорт кыймылын калыбына келтирүү үчүн Өкмөт 50 млн сом бөлө турганын билдирди.
Ссылка: https://barometr.kg/content3319
Добавить комментарий ×