Сууга аккан кыздын сөөгү табылды

30 июня 2017 17:19 527 Barometr
Поделиться в:
ok

Ош шаарында сууга агып кеткен 6 жашар кыздын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Жапалак аймактык башкармалыгында 27-июнь күнү саат 17:32 чамасында Ак-Буура дарыясына 2011-жылы туулган кыз агып кеткен.

Издөө иштерине ӨКМнын куткаруучулары тартылып, бирок натыйжа болгон эмес.

Издөө иштери 29-июнь күнү кайрадан улантылып жыйынтыгында Ак-Буура дарыясынын төмөн жагынан 6 жашар Д.Т. аттуу өспүрүм кыздын сөөгүн табышып, милицияга өткөрүп беришкен.

Ссылка: https://barometr.kg/content3317



Добавить комментарий